> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2027-жылдын бюджетинде кайсы тармактарга канча каражат каралды?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/2027-zhyldyn-biudzhetinde-kaisy-tarmaktarga-kancha-karazhat-karaldy/
- Published: 2026-11-19T03:27:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T03:26:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын 2027-жылга карата консолидацияланган бюджетинин жалпы ресурстары 1 трлн 53 млрд сомго жетет. Ал эми өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашары болжолдонууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, бюджеттик каражаттар социалдык тармактарды колдоого жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

> "Каражаттар социалдык чөйрөгө жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн ири инфраструктуралык долбоорлорго багытталат. Билим берүү чөйрөсүнө **134,2 млрд сом**, саламаттык сактоого - **76,4 млрд сом**, социалдык коргоого - **47,3 млрд сом** каралды", — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле 2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган көп балалуу энелерге "Бала Береке" бир жолку жөлөкпулдары төлөнө баштайт. Президенттин жарлыгына ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү да жогорулатылат.

МинКаб башчысы белгилегендей, 2027-жылы республикалык бюджет боюнча капиталдык чыгымдар **110,7 млрд сомду**, ал эми мамлекеттик бюджет боюнча **137,2 млрд сомду** түзөт.

Анын ичинде:

- Барскоон — Бедел автожолун курууга **17,7 млрд сом**;
- Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун капиталдаштырууга **8,6 млрд сом**;
- энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга **5 млрд сом**;
- социалдык объектилерге, таза суу менен камсыздоого, ирригацияга жана инфраструктуралык иштерге 10 млрд сом каралган.

Мындан тышкары, ишкердикти колдоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча каржылык чаралар да бюджетке киргизилген.

Алдыдагы жылдары инфляциянын калктын сатып алуу жөндөмүнө тийгизген таасирин азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, импортко көз карандылыкты кыскартуу жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча иштер күчөтүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, 2026-жылга бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2027-жылга республикалык бюджеттин долбоору каралууда.