> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/asyl-tukum-mal-uchun-200don-ashyk-fermerge-3-dyk-nasyia-berildi/
- Published: 2026-11-19T05:47:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T05:46:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Быйыл асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн фермерлерге 3%дын чен менен жалпы 1 млрд 232 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу мал чарбачылык жана ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.**

Ал насыя 1 жыл тыныгуусу менен 5 жылдык бөлүп төлөө аркылуу берилгенин белгиледи. Каландаров ошондой эле дагы кошумча катары жыл аягына чейин 270 млн сомдой насыя берүү пландалып жатканын айтты.

> "Өлкө боюнча 200дөн ашык фермерлер насыя алышты. Асыл тукум мал алышкандары болду, уруктандыруу үчүн шаймандарды алышкандары болду. Бөлүнгөн насыянын бардыгын фермерлерге жеткиргенге аракет кылдык. Жыл башында негизинен ири мүйүздүү малдар үчүн берилген. Бирок фермерлердин суранычы менен жылкы, кой, топоз үчүн да берүүнү кошконбуз", - деди Каландаров.

Аталган башкармалыктын жетекчиси кийинки жылы бул тармакка 7 млрд сом бөлүү каралып жатканын кошумчалады.