> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/batkende-7-500-fermerdi-koldoo-dolbooru-ishke-ashuuda/
- Published: 2026-11-19T09:43:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T09:42:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Баткен облусунда айыл чарбасын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо багытындагы эл аралык долбоордун жүрүшү талкууланды. Бул маселе кечээ облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) жана Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда каралды.**

> Маалым болгондой, жолугушууда "Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу органикалык айыл чарба жана токой продукцияларын диверсификациялоо жана рынокко чыгаруу" долбоорунун алкагында аткарылган иштер, жетишкендиктер жана алдыдагы пландар талкууланды.

Жалпы бюджети **2,5 млн долларды** түзгөн долбоор **7 500 майда фермердин** жана токой пайдалануучунун кирешесин жогорулатууга, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоор IFAD тарабынан көзөмөлдөнүп, Айыл чарбасын жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо программасынын (GAFSP) колдоосу менен Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан ишке ашырылууда.

Анын алкагында органикалык жана климатка туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба жана токой продукцияларын сактоо, кайра иштетүү, сертификаттоо жана сатуу, ошондой эле фермердик уюмдар менен кооперативдерди колдоо каралган.

Мындан тышкары, Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагында социалдык жактан аялуу **13 үй-бүлөгө**, Жаңы-Жер айыл аймагында эки үй-бүлөгө жана Кулунду айыл аймагында Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардан турган **72 үй-бүлөгө** жардам көрсөтүлгөн.

Жолугушуунун соңунда тараптар айыл чарбасын өнүктүрүү, муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо, фермердик кооперативдердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана айылдык өндүрүүчүлөрдүн жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча кызматташууну улантууга макулдашты.