> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/bishkekte-energetika-tarmagyndagy-investitsiialyk-kyzmattashtyk-talkuulandy/
- Published: 2026-11-19T07:29:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T07:28:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**19-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов STMP Group эл аралык инженердик-инвестициялык компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика жана өнөр жай тармактарындагы инвестициялык кызматташтыктын келечегин, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, энергетикалык объекттерди модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты. 

> Маалыматка караганда, STMP Group компаниясынын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын, анын ичинде долбоорлоо, курулуш, жабдууларды жеткирүү жана каржылоону тартууну камтыган EPC жана EPC+F форматтарындагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара кызматташууга жана келечектүү багыттар боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**