> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/byiyl-olkodo-742-5-min-tonna-buudai-zhyinaldy/
- Published: 2026-11-19T04:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T04:00:00.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**Республиканын аймактарында 2026-жылдын түшүмүн жыйноо жумуштары жыйынтыкталып, күздүк себүү иштери улантылууда.**

> Айыл чарба министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, республика боюнча **617,7 миң гектар** аянт **100%** толук оруп-жыйналды. Жалпы дүң түшүм **2 386,0 миң** тоннаны түздү. 

**Анын ичинде:**

- буудай **742,5 миң тонна;**
- арпа **644,6 миң тонна;**
- жүгөрү **896,0 миң тонна;**
- чанактуулар **81,9 миң тонна** болду.

Ошол эле учурда картошка жана жашылча-бахча өсүмдүктөрү боюнча жыйноо иштери бардык облустарда **100% аяктады**. Анда:

- Картошкадан **1 080,5 миң тонна;**
- жашылчалардан **967,1 миң тонна;**
- бахча өсүмдүктөрүнөн **245,3 миң тонна** дүң түшүм алынды.

Ал эми кант кызылчасы **12,0 миң гектар** аянттан жыйналып, дүң түшүм **504,0 миң тоннаны** түздү. Ошондой эле **19,2 миң тонна** пахта, **17,3 миң тонна** май өсүмдүктөрү жана **0,95 миң тонна** тамеки толук жыйналды.

**Күздүк себүү жумуштары**

План боюнча каралган **200,0 миң гектар** аянттын **75,45 миң гектарына** (37,7%) күздүк эгиндер себилди. Анын ичинде күздүк буудай **71,8 миң гектарга**, күздүк арпа **2,9 миң гектарга** себилди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**