> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/fermerlerge-berilip-zhatkan-nasyianyn-kalgan-paiyzyn-mamleket-tolop-zhatat/
- Published: 2026-11-19T06:39:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T06:38:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Фермерлерге асыл тукум мал үчүн 3%дык чен менен берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет субсидия кылат. Бул тууралуу Мал чарбачылык жана ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.**

Анын айтымында, банктарга насыянын 12%ы республикалык бюджеттен төлөнүп берилет. Каландаров жеңилдетилген насыя көп адамга жетиш үчүн лимит да коюлганын белгиледи.

> "Бир адам эле 100 млн сомго чейин алып койбосун дедик да. Асыл тукум алам дегендерге **500 миң сом**го чейин күрөөсүз, **500 миңден 20 млн соиго** чейин күрөө менен берилет", - деди ал.

Каландаров жыл башынан бери фермерлерге **1 млрд 232 млн сом** насыя 200дөн ашык адамга берилгенин [тактады](https://developer.ghost.io/ghost/#/editor/post/6afe7da1a20d7900013f4d1e).

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**