> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/finkozomol-mamlekettik-lotereia-kompaniiasyn-plandan-tyshkary-teksheruunu-bashtady/
- Published: 2026-11-19T04:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T04:00:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Мамлекеттик лотерея компаниясына карата пландан тышкаркы текшерүү баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.**

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө компаниянын ишмердүүлүгү лотерея тармагындагы мыйзамдардын талаптарына канчалык деңгээлде жооп берери бааланат.

> Кызмат текшерүү мыйзамдарда белгиленген ченемдерге жана мамлекеттик көзөмөлдүн тартибине ылайык жүргүзүлөрүн билдирди. Текшерүү аяктап, алынган маалыматтар талдангандан кийин анын жыйынтыгы кызыкдар тараптарга белгиленген тартипте жеткирилмекчи.

****Мамлекеттик лотерея компаниясы —** Кыргызстандагы мамлекеттик лотереялардын расмий оператору. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ал 2019-жылдан бери лицензиянын негизинде иш алып барат. Анын ишмердүүлүгү лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү менен байланыштуу. Компания билет сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү мамлекеттик социалдык программаларды колдоого жумшаларын белгилейт.