> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/kadamzhaida-60-ui-bulogo-arnalgan-sotsialdyk-shaarcha-kuruluuda/
- Published: 2026-11-19T09:12:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T09:11:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Баткен облусунун Кадамжай районунда 60 үй-бүлөгө ылайыкталган "Ихсан социалдык шаарча" долбоору ишке ашырылууда. Курулуш иштеринин жүрүшү менен облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.**

> Маалымдалгандай, долбоор "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, Көк-Талаа айылындагы **4,3 гектар жерге** курулууда. Жалпы сметалык баасы **98 млн 647 миң сомду** түзөт.

Шаарчада турак үйлөрдөн тышкары **225 орундуу мектеп**, **75 орундуу бала бакча**, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, тигүү цехи жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу дүкөн куруу каралган.

Долбоор турмуштук оор кырдаалга кабылган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди жана туруктуу турак жайы жок жарандарды колдоого багытталган. Башкача айтканда, аларды турак жай менен камсыз кылуу гана эмес, билим алуу, медициналык кызмат көрсөтүү жана жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү да көздөлүүдө.

Курулуш иштери 2026-жылдын август айында башталган. Социалдык шаарчаны 2027-жылдын сентябрь айында толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.