> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Суудагы "Лифан аккумулятор заводуна" 1 млрд сомдук инвестиция тартылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/kara-suudagy-lifan-akkumuliator-zavoduna-1-mlrd-somduk-investitsiia-tartyldy/
- Published: 2026-11-19T10:38:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T10:37:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**КРнын Министрлер кабинети менен "Лифан аккумулятор заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашууга кол коюлду.** 

> Маалыматка караганда, кол коюу аземинеМинКабдын атынан инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатович, ал эми "Лифан аккумулятор заводу" ЖЧКсынын атынан башкы директор Гуан Шихэн катышты. 

**Долбоордун көлөмү**

Долбоорго салынуучу инвестициялардын жалпы көлөмү **1 миллиард сомду** (*болжол менен 11,5 миллион АКШ долларын*) түзөт. Долбоор Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында жайгашкан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө багытталган.

**Ишкананын өндүрүштүк багыттары**

- аккумулятор батареяларын өндүрүү
- аккумуляторлордун калдыктарын кайра иштетүү
- алюминий жана жез калдыктарын кайра иштетүү
- электр зымдарын жана кабелдерин өндүрүү
- фотоэлектрдик продукцияларды даярдоо

Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүштүк жана кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүүгө, ошондой эле аймактардын экономикасына инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**