> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/kuch-tuzumdorunun-kyzmatkerlerine-dagy-1-786-batir-berilet/
- Published: 2026-11-19T05:11:04.000Z
- Updated: 2026-11-19T05:11:03.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2021–2026-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы суммасы 7 млрд сомдук 652 даана автотранспорт жана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.**

> Анын айтымында, 2026-жылы эле министрликке **116 даана атайын техника** берилген.

Мындан тышкары, милициянын ишин санариптештирүү жана материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Кызматкерлерди боди-камералар жана планшеттер менен камсыздоо жарандардын чакырууларына жооп берүү убактысын 1–3 сааттан 10 мүнөткө чейин кыскартууга мүмкүндүк берген.

> "Ички иштер органдарынын автопаркы **95 %га** жаңыланды, кызматкерлер формалуу кийим-кече менен толук камсыз болду. Республика боюнча **10 миңден ашык** видеобайкоо камерасы орнотулуп, кырдаалдык борборлор жана ИИМдин заманбап Санариптик эксперттик борбору түзүлдү. Жолдордогу санариптик көзөмөлдүн күчөтүлүшү кырсыктарды дээрлик **40 %га** азайтууга мүмкүндүк берди", — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле өлкө боюнча милициянын **60 көчмө пункту** иштей баштаган. ДНК, дактилоскопиялык, баллистикалык жана кол жазма экспертизаларын жүргүзүүчү заманбап лабораториялар түзүлгөн.

Сот тутумунда да жаңылануулар жүрүп жатканы белгиленди. 2025-жылы **2 сот имараты** пайдаланууга берилсе, учурда дагы **16 объекттин** курулушу жүрүүдө. Электрондук билдирүү тутуму өлкөдөгү **64 соттун баарында 100 %га** киргизилген.

Юстиция тармагында "Электрондук нотариат" тиркемеси аркылуу тогуз айда **1,8 миллиондон ашык** аракет жүргүзүлгөн. Ал эми "Пробация" тутуму 11 мамлекеттик органдын маалымат базалары менен интеграцияланган.

Мындан тышкары, Каракол шаарында **200 орундуу** №23 тергөө абагы пайдаланууга берилген. Түзөтүү мекемелеринде **10 жаңы өндүрүштүк цех жана устакана** ишке киргизилген.

Тергөө абактарын шаарлардын сыртына чыгаруу иштери да уланууда. Жыл аягына чейин Чүй облусундагы №21 жана Ош облусундагы №25 тергөө абактарын ишке киргизүү пландалган.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселесине токтолгон МинКаб башчысы 2026-жылы аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө **1 604 батир** берилгенин билдирди.

> "Жакынкы аралыкта дагы **1 786 батир** берилет, ал эми Баткен облусунун Бужум айылында **60 батирлүү үй** курулууда. Эң башкысы - өлкөбүздө ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн", - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.