> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 184 миң гектардан ашык жайыт деградацияга учураган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/kyrgyzstanda-184-min-gektardan-ashyk-zhaiyt-degradatsiiaga-uchuragan/
- Published: 2026-11-19T10:51:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T10:50:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда жалпы аянты 8 млн 985 миң гектардан ашкан табигый жайыттардын 184 миң гектардан көбү деградацияга учураган. Бул тууралуу бүгүн жайыттарды туруктуу башкаруу жана жакшыртуу маселелерине арналган улуттук тегерек столдо айтылганын Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

> Маалымдалгандай, иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдо жайыттардын абалы, деградацияга учураган аймактарды калыбына келтирүү, мониторинг жүргүзүү жана инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды.

Министрдин биринчи орун басары жайыттар мал чарбачылыгын өнүктүрүү, айыл калкынын кирешесин жогорулатуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү ресурс экенин белгиледи.

> Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдарга жайыттарды жакшыртуу жана туруктуу башкаруу программасы бекитилген. Анын алкагында деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен **50 млн сом** бөлүү каралган. Ошондой эле **6 602,8 чакырым** жайыт жолун оңдоо, **466 көпүрө** жана **406 мал сугаруучу жай** боюнча иштерди жүргүзүү пландалууда.

**2030-жылга чейинки максаттар:**

- **30 миң гектар** жайытка үрөн себүү;
- **1 млн гектар** жайытты эс алдыруу;
- **8 382,8 чакырым** жайыт жолун оңдоо;
- **718 көпүрөнү** жана **766 мал сугаруучу жайды** оңдоо;
- алыскы жайыттарда **170 сүт кабыл алуу пунктун** уюштуруу;
- жайыттарды башкаруу системасын **100 %** санариптештирүү.

Тегерек столдун жыйынтыгында жайыттарга мониторинг жүргүзүү, маалымат алмашуу жана секторду реформалоо боюнча сунуштар каралып, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.