> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/kyrgyzstanda-investitsiialar-62-9-ga-osup-422-9-mlrd-somgo-zhetti/
- Published: 2026-11-19T06:24:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T06:23:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 2026-жылдын алгачкы 10 айында 693,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирди.**

> Анын айтымында, 2025-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү **1,1 трлн сомдон** ашып, план дээрлик **400 млрд сомго** ашыкча аткарылган.

Ошондой эле 2026-жылы айлык акылар 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып **2 жолу** жогорулатылып, президенттик компенсациялар киргизилген.

**Инвестициялар жана жумуш орундары**

> Касымалиевдин маалыматына караганда, 2025-жылы **273 миң**, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында **88,3 миң** жумушчу орун түзүлгөн.

Негизги капиталга инвестициялар 2026-жылдын 10 айында **422,9 млрд сомго** жетип, **62,9 %га** өскөн. Түз чет элдик инвестициялар 2025-жылы **1 млрд 310,8 млн долларды** түзсө, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында **26 %га** өсүп, **709,9 млн долларга** жеткен.

Мындан тышкары, S&P, Fitch жана Moody’s эл аралык рейтинг агенттиктери Кыргызстандын кредиттик рейтингдерин туруктуу деңгээлде ырасташкан.

**Тышкы соода жана ишкерлерге жеңилдиктер**

2026-жылдын алгачкы тогуз айында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү **16,6 %га** өсүп, **14,1 млрд долларды** түзгөн. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен сооданын көлөмү 2025-жылы **6,8 млрд долларга** жакындаган.

Ишкерлер үчүн насыялар жылына ****6 %дык үстөк** менен, ал эми тигүү тармагына ****0 %** менен берилүүдө. Бизнес жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтердин саны ****905тен 439га чейин** кыскартылган.

Ошондой эле 2025-жылдын 1-январынан тартып транспорт салыгы жоюлуп, акциздик товарлардан башка бардык товарларга ЭТТН талабы алынган. Зергерлер үчүн салык ставкасы **0,25 %га** чейин төмөндөтүлгөн.

"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ири объектилерди курууга уруксат алуу мөөнөтү ****180 күндөн 60 күнгө чейин** кыскарган. Оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө уруксат берүү онлайн форматка өткөрүлүп, **үч күндөн бир саатка чейин** кыскарган. Ал эми санитардык паспорт алуу мөөнөтү **сегиз күндөн төрт күнгө** түшүрүлгөн.

**Өнүктүрүү фонддорунун каржылоосу**

> Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, 2025-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду **176 долбоорго 239,4 млн доллар**, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду **37 долбоорго 85,4 млн доллар**, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду **6 долбоорго 12,9 млн доллар** бөлгөн.

Ал эми Араб координациялык өнүктүрүү фонду **76,7 млн долларлык 11 инвестициялык долбоорду** жактырган.

**Банк секторунун активдери 1,5 трлн сомдон ашты**

Банк секторунун активдери 2026-жылдын 1-октябрына карата **24,2 %га** өсүп, **1 трлн 504,8 млрд сомду** түзгөн.

Мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да көбөйтүлгөн. Атап айтканда, "Айыл Банктын" капиталы ****79,8 млрд сомго**, "Элдик Банктыкы" ****81,3 млрд сомго**, ал эми Өнүктүрүү банкыныкы **22,7 млрд сомго** жеткен.

"Элдик Банк" менен "Айыл Банктын" жалпы насыя портфели **229,6 млрд** сомду түзгөнүн МинКаб башчысы белгиледи.