> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/kyzyl-kyiada-5-400-orunduu-stadion-rekonstruktsiialanuuda/
- Published: 2026-11-19T05:23:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T05:22:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Т. Кулатов атындагы борбордук стадион заманбап талаптарга ылайык реконструкцияланууда. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалым болгондой, долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен **350 млн сом** каралган.

Долбоорго ылайык, жаңыланган стадион **5 400 көрүүчүгө** ылайыкталат. Мындан тышкары, көрүүчүлөр үчүн VIP-зоналар, заманбап фитнес-зал жана спортчуларга, шаар тургундарына керектүү шарттар түзүлөт.

Курулуш иштери аяктагандан кийин стадион шаардагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.