> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Нарын" ЭЭЗда 4,3 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/naryn-eezda-4-3-mln-somduk-bazhy-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-11-19T11:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T11:30:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери "Нарын" эркин экономикалык зонасынын аймагында бажы эрежелеринин бузулушун аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.**

> Маалыматка караганда, текшерүү "Ц.п.ж.м. "К.-К.-У." ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө ишкана "Эркин бажы зонасы" жол-жобосу менен **1 млн 674 миң 253 килограмм** чет өлкөлүк чийки затты алып келгени белгилүү болгон.

Бирок документтерди жана товарлардын иш жүзүндөгү калдыктарын текшерүүдө бажы көзөмөлүндө турган **575 миң 253 килограмм** чийки заттын кайда экенин тастыктаган документтер жок экени аныкталган.

> Бул көлөмдөгү товарлар үчүн төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү **4 млн 346 миң 427 сомду** түзгөн.

Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлгөн.