> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/narynda-sel-korkunuchun-aldyn-aluuga-11-mln-som-zhumshaldy/
- Published: 2026-11-19T04:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T04:30:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Нарын шаарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 2026-жылы 11 млн сомдук иштер аткарылды. Бул тууралуу шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев Жарандык коргонуу комиссиясынын ишине жүргүзүлгөн баалоо учурунда билдиргенин мэриядан кабарлашты.**

> Маалыматка ылайык, быйыл шаар аймагында сел өткөрүүчү каналдар, арыктар жана латоктор тазаланып, жалпы узундугу **12 280 метр** болгон тилкеде иштер жүргүзүлгөн. Ошондой эле **6 жерге** өткөөлдөр орнотулуп, Чоң-Чыргайлуу жана Төш-Булак коктуларында сел тосмо дамбалары курулган.

Мындан тышкары, шаардагы 12 Жарандык коргонуу кызматынын өздүк курамы жана функционалдык милдеттери такталган.

Социалдык объектилерде жана көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү максатында күйүүчү-майлоочу майлардын жана биринчи зарылдыктагы каражаттардын запасы түзүлгөн.

Мэр Жылдызбек Беккелдиев тиешелүү тармактардын кызматкерлерине материалдык-техникалык базаны талаптагыдай абалда кармоо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди. 

Белгилей кетсек, баалоо иш-чарасы Нарын шаарында табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылган иштердин абалын текшерүү максатында өткөрүлгөн.