> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/olkodo-10-aida-kurulush-tarmagy-61-5-ga-ostu/
- Published: 2026-11-19T04:16:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T04:15:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында курулуш тармагынын өсүшү 61,5 %ды түздү. Бул мезгилде 262 социалдык объект курулуп, оңдолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчет берип жатып билдирди.**

> Анын айтымында, курулуп, оңдолгон объектилердин арасында **104 мектеп**, **39 бала бакча**, **32 саламаттык сактоо**, **62 маданият жана спорт объектиси** бар.

Ошондой эле Бишкекте "Ырыс Ордо" конгресс-борбору жана **51 миң орундуу** "Бишкек Арена" стадиону пайдаланууга берилген.

Энергетика тармагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо аяктап, анын кубаттуулугу **1 440 мегаваттка** жеткирилген. 2021-жылдан бери өлкөдө **35 чакан ГЭС** ишке киргизилген. Жыл аягына чейин "Орто-Токой" ГЭСин жана дагы алты чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда.

> "Күн энергиясы да иш жүзүндө өнүгө баштады. Кеминде жана Тору-Айгырда ири күн станциялары ачылды. Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегатты орнотуу иштери жүрүп жатат. Ал 2028-жылы аяктайт", — деди Адылбек Касымалиев.

Өнөр жай тармагында 2025-жылы **799,7 млрд сомдук** продукция өндүрүлүп, өсүш **10,6 %ды** түзгөн. Ал эми 2026-жылдын 10 айында өндүрүш көлөмү **770,9 млрд сомго** жетип, **5,2 %дык өсүш** катталган.

Айыл чарба тармагында быйылкы жылдын 10 айында **453,3 млрд сомдук** продукция өндүрүлгөн. Реалдуу өсүш ****4,7 %ды** түзгөн. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына ****30,8 центнерге** жеткен. Мындан тышкары, тогуз айда ****10 миң 476 дыйкан-фермерге 11,9 млрд сом** жеңилдетилген насыя берилген.

Транспорт тармагында быйыл **1 883 чакырым** жолго асфальт төшөлгөн. Ошондой эле Балыкчы — Кочкор темир жолу ачылып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу уланууда.

Ал эми кен казуу тармагынан 2021–2025-жылдары мамлекеттик бюджетке ****217,9 млрд сом** түшкөн. Бул мурунку беш жылга салыштырмалуу ****3,6 эсе** көп. Мамлекеттик мүлктү башкаруудан 2026-жылдын тогуз айында ****53,8 млрд сом** киреше түшүп, жылдык план ****210,7 %га** аткарылган.

Санариптештирүү багытында электрондук портал аркылуу **26,4 млн** кызмат көрсөтүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу **28 %га** көп.

МинКаб башчысы мындан аркы өнүгүүдө импортту алмаштырууга, экспортко багытталган өндүрүштү кеңейтүүгө жана жергиликтүү чийки затты терең иштетүүгө артыкчылык берилерин белгиледи.