> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/sottuk-meditsinalyk-eksperttoo-borborunda-6-mln-somdu-myizamsyz-yigaryp-aluu-faktysy-anyktaldy/
- Published: 2026-11-19T06:54:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T06:53:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**Ош облустук Соттук-медициналык эксперттөө борборунда 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды**. **Бул тууралуу 19-ноябрда Башкы прокуратурадан билдирди.**

> Маалыматка ылайык, текшерүүдө аталган борбордун жооптуу кызмат адамдары 2025-2026-жылдары **6 млн 43 миң 812 сом** акча каражатын мыйзамсыз ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Атайын кызмат тактагандай, мекеменин ар кандай чыгымдарын жабууга багытталган акча каражаттары кызмат көрсөтүлгөн деген негизде жеке жактардын банктык эсептерине которулуп, кийин борбордун жооптуу кызмат адамдарынын жеке эсептерине кайра которулуп турган. 

> "Мындан тышкары, ар кандай компенсациялык төлөмдөр мыйзамсыз чегерилген", - дешти мекемеден.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин **337-беренеси** (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана **210-беренеси** (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**