> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/toktogul-shaary-5-3-mln-somgo-tashtandy-tashuuchu-unaa-satyp-aldy/
- Published: 2026-11-19T13:51:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T13:50:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Токтогул шаарындагы муниципалдык "Ыңгайлуу шарт" ишканасы жаңы таштанды ташуучу атайын унаа менен камсыз болду. Техника Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланган долбоордун алкагында алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.**

> Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, долбоордун жалпы наркы **5 млн 300 миң сомду** түзөт. Анын алкагында муниципалдык ишканага "Шакман" үлгүсүндөгү заманбап таштанды ташуучу унаа берилди.

Жаңы техника шаардагы коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртууга, таштандыларды өз убагында чыгарууга жана санитардык тазалыкты камсыздоого багытталган.

> Долбоор президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин колдоосу менен ишке ашырылган.

Шаардык мэрия мындан ары да инфраструктураны жакшыртуу жана тургундарга көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча долбоорлорду улантарын билдирди.