> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/ysyk-koldo-abany-bulgagan-aidoochularga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-19T07:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T07:09:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Ысык-Көл облусунда унаалардан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн текшерүү жана атмосфералык абанын булганышын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги кабарлады.**

> Маалымдалгандай, иш-чараны министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте уюштурду.

Рейд учурунда автотранспорт каражаттарынан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарга байланыштуу экологиялык талаптардын сакталышы текшерилди. Анын жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жалпы суммасы **15 миң сомду** түзгөн административдик протоколдор түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мындай көзөмөл иш-чаралары мындан ары да улантыларын билдирди.