> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/zhygach-eksportuna-tyiuu-saluunu-uzartuu-sunushtaldy/
- Published: 2026-11-19T08:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T08:00:01.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Евразия экономикалык брлигинен тышкаркы өлкөлөргө Кыргызстандан жыгач ташып чыгууга 6 айлык чектөө киргизүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбооору** [**коомдук талкууга коюлду.**](https://koomtalkuu.gov.kg/kg/view-npa/6837)

> Маалым болгондой, бул чектөө июнь айында киргизилген тыюунун мөөнөтүн узартууну көздөйт. Учурда ал 19-декабрга чейин күчүндө. Өкмөт долбоор ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген жыгач материалдарын башка мамлекеттерге реэкспорттоого жол бербөөнү максат кыларын белгилейт. 

Токмтом долбоорунда чектөө жыгач отунуна (ТЭИ ТН коду 4401), иштелбеген токой материалдарына (ТЭИ ТН коду 4403) жана Узунунан араланган токой материалдарына (ТЭИ ТН коду 4407) тиешелүү экени көрсөтүлгөн.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**