> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/5-zhylda-olkodo-biudzheti-4-5-esege-ostu/
- Published: 2026-11-20T12:02:58.000Z
- Updated: 2026-11-20T12:02:57.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Финансы министрлиги өлкөдөгү каржылык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтык билдирүү жасады.**

> Маалыматта 2020-жылдан 2025-жылга чейин бюджет 4,5 эсеге өскөнү айтылат. Тагыраагы, **247,8 млрд сомдон 1 трлн 104,2 млрд сомдук** көрсөткүчкө жеткен. 

- 2022-2026-жылдары бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акылары 2 этап менен жогорулатылган. Мисалы, мугалимдердики орточо **25 300 сомдон 52 500 сомго,** дарыгерлердики **33 600 сомдон 60 400 сомго** жогорулаган.
- 2022-2026-жылдар аралыгында курулушка жана инфрасктураны өнүктүрүүгө **198 млрд сом** бөлүнгөн.
- Ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген насыялардын саны 1ден 13кө чейин өскөн.
- Сүт багытын өнүктүрүү үчүн 7 300дөш ашуун фермерге **934,6 млн сом** кайтарымсыз каржылык жардам берилген.