> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/agroonor-zhai-tarmagyndagy-2-074-subektke-6-mlrd-somgo-zhakyn-zhenildetilgen-nasyia-berildi/
- Published: 2026-11-20T07:20:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T07:19:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2026-жылдын ноябрь айына карата "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында 2 074 субъектке жалпы 5 млрд 999 млн 240 миң 714 сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка караганда, каржылоо "АБанк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу жүргүзүлгөн.

Насыя каражаттары айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, продукцияны кайра иштетүүгө жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө багытталган.

> Долбоор ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.