> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аялдардын бизнесин колдоодо БУУ менен келишим түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/aialdardyn-biznesin-koldoodo-buu-menen-kelishim-tuzuldu/
- Published: 2026-11-20T04:39:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T04:38:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана алардын бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Экономика жана коммерция министрлиги менен БУУнун "Аялдар" түзүмүнүн өлкөдөгү өкүлчүлүгү кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалыматка караганда, документке 19-ноябрда, Аялдардын ишкердигинин эл аралык күнүндө, экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жана БУУнун "Аялдар" түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик кол коюшту.

Кызматташуу аял ишкерлердин каржы ресурстарына, инвестицияларга жана жаңы сатуу рынокторуна жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган. Ошондой эле аялдар жетектеген ишканаларга максаттуу колдоо көрсөтүү, бизнеске санариптик технологияларды жана инновацияларды киргизүү каралган.

> Мындан тышкары, ишкер аялдар үчүн бизнес боюнча кеңеш берүү, окутуу жана насаатчылык кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу пландалууда.

Тараптар аялдардын ишкердигин өнүктүрүү өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана аймактардагы калктын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

****Маалымат үчүн:** БУУнун "Аялдар" түзүмү Кыргызстанда 2012-жылдан бери иш алып барып, гендердик теңчилик, аялдардын укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында долбоорлорду ишке ашырып келет.