> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/akyrky-besh-zhylda-olkodo-5-6-min-chakyrym-zholgo-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-11-20T07:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T07:02:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2021–2026-жылдары Кыргызстанда транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды. Бул мезгилде өлкө боюнча 5 600 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 2026-жылы жылдык көрсөткүч 1 900 чакырымга жетти. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, тармактын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, **1 344 жаңы атайын техника** алынган. Ошондой эле ири темир жол жана автожол долбоорлору башталып, транспорт тармагын санариптештирүү иштери күчөтүлдү.

Бул иштер өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.