> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/at-bashyda-zhylytuu-uchun-koldonulgan-otundardyn-sapaty-teksherildi/
- Published: 2026-11-20T09:09:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T09:08:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Нарын облусунун Ат-Башы районунда күз-кыш мезгилинде абанын булганышын алдын алуу максатында коммерциялык жана өндүрүштүк объектилерде мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.**

> Маалым болгондой, текшерүүдө тейлөө станциялары, унаа жуучу жайлар, жеке мончолор, сауналар, күнөсканалар жана тигүү цехтеринде жылытуу үчүн колдонулуп жаткан отундардын түрүнө жана сапатына көңүл бурулду.

Объектилердин ээлерине колдонулган мотор жана индустриалдык майларды, ошондой эле өндүрүштүк калдыктарды жылытуу үчүн өрттөөгө тыюу салынары түшүндүрүлдү. Мындай аракеттер атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына жана адамдын ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экени эскертилди.

Мындан тышкары, рейд учурунда экологиялык мыйзам талаптарын бузуу боюнча үч протокол түзүлүп, жалпы ****27 миң 500 сом** айып пул салынды.