> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылында 78 млн сомдук бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/bazar-korgondun-kyzyl-ai-aiylynda-78-mln-somduk-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-11-20T10:11:59.000Z
- Updated: 2026-11-20T10:11:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалымдалгандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы **78 млн сомду** түзөт.

> Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты **1569 чарчы метрди** түзөт. Анда балдардын ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, тарбиялык сабак өтүүчү жайлар, ашкана, дарыгердин кабинети жана кабылдама каралган.

Учурда курулуш иштеринин **75 %ы** аткарылды. Объекттин курулушун министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөөдө.