> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/kyrgyzstanda-et-17-3-sut-azyktary-13-kymbattady/
- Published: 2026-11-20T06:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T06:14:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2026-жылдын он айында азык-түлүк товарларынын баасы 7,7%га жогорулады. Инфляциянын өсүшүнө негизинен эт, сүт азыктары, жумуртка жана нан азыктарынын кымбатташы таасир этти. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен билдирди.**

> Маалыматка ылайык, эттин баасы **17,3%га** өскөн. Бул азык-түлүк товарларынын жалпы кымбаттоосунун **70%дан** ашыгын түзгөн. Буга кышкы тоюттун, малды ташуунун жана багуунун чыгымдарынын көбөйүшү себеп болгон.

Ошондой эле сүт азыктары, сыр жана жумуртка **13%га** кымбаттаган. Анын ичинде пастерленген сүт **22,2%га**, тоок жумурткасы **18,7%га**, айран **11,4%га** жана каймак **10%га** өскөн. Мунун негизги себептери - жайыт мезгилинин аякташы, сүттүн азайышы жана малга тоют даярдоо чыгымдарынын көбөйүшү.

> Нан азыктары жана дан эгиндери **2,9%га** кымбаттаган. Нандын баасы **6%га**, жогорку сорттогу ундун баасы **2,8%га**, биринчи сорттогу ун **1,5%га** өскөн. Буга дан эгиндеринин дүйнөлүк баалары, күйүүчү май, электр энергиясы жана өндүрүш чыгымдарынын жогорулашы таасир эткен.

Ал эми мөмө-жемиштер менен жашылчалардын жалпы баасы **5,8%га** төмөндөгөн. Мында мөмө-жемиштер **8,6%га** кымбаттаса, жашылчалар **18,1%га** арзандаган. Буга күзгү түшүмдүн ички рынокко жетиштүү көлөмдө чыгышы шарт түзгөн.

Мындан тышкары, майлар жана тоң майлар ****7,3%га**, кант ****5,5%га**, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары ****8%га** кымбаттаган.

Маалыматта баалардын өсүшүнө ички өндүрүштүк чыгымдар, импорттук продукциянын кымбатташы, дүйнөлүк рыноктогу баалар жана сезондук факторлор таасир эткени белгиленген.