> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөр 12,2%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/kyrgyzstanda-kyzmat-korsotuulor-12-2-ga-kymbattady/
- Published: 2026-11-20T04:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T04:44:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2026-жылы акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары 12,2%га жогорулады. Кымбаттоо өзгөчө мейманкана жана ресторан кызматтарында байкалып, бул тармактагы баалар 24,1%га өскөн. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен кабарлады.**

> Билдирүүгө караганда, баалардын өсүшүнө саламаттык сактоо, эс алуу, маданий иш-чаралар жана билим берүү кызматтары да таасир эткен.

Тактап айтканда, медициналык кызматтар **10,6%га**, эс алууну уюштуруу жана маданий иш-чараларды өткөрүү кызматтары **6,5%га**, билим берүү кызматтары **2,8%га** кымбаттаган.

> Мейманкана жана ресторан кызматтарынын кымбатташына азык-түлүк, күйүүчү май, коммуналдык кызматтар жана ижара акысынын өсүшү себеп болгон. Мындан тышкары, туристтик агымдын жана коомдук тамактануу жайларына болгон суроо-талаптын жогору болушу да бааларга таасир эткен.

Ал эми маданий иш-чаралар жана эс алуу кызматтарынын кымбатташы концерттерге, көңүл ачуу жайларына болгон суроо-талаптын көбөйүшү, ошондой эле уюштуруучулардын чыгымдарынын өсүшү менен түшүндүрүлгөн.

> Баалардын өсүшүн ооздуктоо максатында Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекиткен.

Мындан тышкары, Улуттук банк инфляциялык басымды азайтуу үчүн негизги пайыздык ченди **12%** деңгээлинде кармап, сомдун туруктуулугун камсыздоо боюнча валюталык интервенцияларды жүргүзүүдө.