> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/kyrgyzstanda-negizgi-kapitalga-investitsiialar-422-9-mlrd-somgo-zhetip-62-9-ga-ostu/
- Published: 2026-11-20T07:57:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T07:56:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 422,9 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,9 пайызга көп. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады.**

> Билдирүүгө ылайык, өсүш ички каржылоо булактарынын 1**,6 эсеге,** тышкы булактардын **1,8 эсеге** көбөйүшү менен камсыздалды.

Инвестициялардын **80 %ы** транспорт жана жүктөрдү сактоо, энергетика, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, билим берүү жана турак жай курулушуна багытталды.

> Отчеттук мезгилде "Менин үйүм" программасынын алкагында **7 366 батирдин** курулушу аяктады. Ошондой эле **33 мектеп**, **3 оорукана**, **17 амбулаториялык-бейтапкана** жана **37 мектепке чейинки мекеме** курулду.

Курулуш тармагындагы дүң продукциянын көлөмү **450,3 млрд сомду** түзүп, **61,5 %га** өстү. Курулуш секторунун ички дүң продукцияга кошкон салымы **4,34 %дык** пунктка бааланып, ИДПдагы үлүшү **9,4 %ды** түздү.