> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/naryn-raionunda-150-orunduu-mekteptin-kurulushu-95-ga-zhetti/
- Published: 2026-11-20T06:46:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T06:45:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**19-ноябрда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы курулуш жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.**

> Маалыматка караганда, алгач Ак-Кыя айылындагы М. Бекмуратов атындагы орто мектептин курулушун көрдү. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан **150 орундуу** мектептин курулушу **95%га** аяктады.

Ошондой эле Чет-Нура айыл өкмөтүнүн имаратынын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын, "Чоң-Эне" бала бакчасынын жана маданият үйүнүн капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

> Мындан тышкары, Орто-Нура айылындагы Байток көчөсүнө төшөлгөн **1,2 чакырым** тротуарды, Стамбек-Ата көчөсүндөгү асфальт жолду, тротуарды жана түнкү жарыктандыруу иштерин көрүп чыкты.

Бул иштердин басымдуу бөлүгү "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатканы кошумчаланган маалыматта.