> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/20/olkodo-453-mlrd-somduk-aiyl-charba-produktsiiasy-onduruldu/
- Published: 2026-11-20T05:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T05:00:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоочулук тармактарынын дүң продукциясынын көлөмү 453,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен билдирди.**

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **4,7%га** көп. Өсүш негизинен мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарындагы өндүрүштүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыз болду.

> Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгы **4%га** өстү. Анын ичинде эт өндүрүү **4,1%га**, сүт **2,3%га** көбөйдү. Ал эми жумуртка өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **20,8%га** жогорулады. Жүн өндүрүү **0,5%га** өскөн.

> Өсүмдүк өстүрүү тармагында да өсүш байкалды. Бул багыттагы өндүрүш **5,5%га** көбөйгөн. Айрыкча дан өсүмдүктөрүн жыйноодо жогорку көрсөткүчтөр катталып, арпа өндүрүү **45,3%га**, буудай **44,9%га** өстү.

Мындан тышкары, мөмө-жемиш өндүрүү **2,9%га**, картошка **4,5%га** жана кант кызылчасы **7,5%га** көбөйгөн.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүшүнүн ички дүң продукциянын өсүшүнө кошкон салымы **0,44 %дык** пунктту түздү. Ал эми ИДПнын түзүмүндөгү айыл чарбасынын үлүшү **8,4%** болду.