> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/21/irrigatsiiany-onukturuu-dolboorun-karzhyloo-zhonundo-makuldashuuga-kol-koiuldu/
- Published: 2026-11-21T06:25:00.000Z
- Updated: 2026-11-21T06:24:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**20-ноябрда финансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин мырза менен жолугушуу өткөрдү.** 

Анын алкагында "Ирригацияга инвестициялардын улуттук программасы" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 

> Маалыматка ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тарабынан **95,75 млн АКШ доллары** өлчөмүндө кредиттик каражат бөлүнөт. 

Программаны каржылоонун жалпы көлөмү **193 млн АКШ долларын** түзөт. Аны ишке ашырууга Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, ОПЕК фонду, Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги катышат, ошондой эле жеке капиталды тартуу каралган.

> Долбоор ирригациялык инфраструктураны модернизациялоого, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл чарбасынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

Программа өлкөнүн жети облусун камтып, болжол менен **82 миң гектар аянттагы** сугат кызматтарынын сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн кеминде **454 миң тургунунун** жашоо шарттарына оң таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/918824598_122141393865383412_8975837320075606175_n-1.jpg)

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, каржылык жана техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.