> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/21/kurulush-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-21T04:05:00.000Z
- Updated: 2026-11-21T04:04:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Курулуш министрлиги тарабынан объектилердеги мыйзам талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.**  
  
Анын алкагында Бишкек шаарындагы Мичурин көчөсү 163 дарегинде жайгашкан **16 кабаттуу** турак жай комплексинин курулушу текшерилди.  
  
Текшерүүдө **үч блоктон турган** объекттин жер алдындагы **эки кабатынын** (–2-деңгээл) курулушу толук аяктай электе батирлерди сатуу жана жарнамалоо иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды.

> Белгиленген тартипке ылайык, [нөл циклинин талаптары ](https://im.kg/koom/2026/11/04/olkodo-paidubaly-tuptolo-elek-uilordon-batir-satuuga-tyiuu-salyndy/)аткарылып, пайдубал жана жер алдындагы курулуш иштери аяктаганга чейин турак жайларды сатууга жана үлүштүк курулушка каражат тартууга жол берилбейт.

Натыйжада "Моналит Строй" ЖЧКсына **200 000 сом** айып пул салынып, мыйзам талаптары аткарылганга чейин компаниянын лицензиясы жана курулуш иштери убактылуу токтотулду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**