> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чаек айылында 3000 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/chaek-aiylynda-3000-tonnalyk-momo-zhemish-saktoochu-kampa-kuruluuda/
- Published: 2026-11-23T08:35:43.000Z
- Updated: 2026-11-23T08:35:43.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жумгал районунун Чаек айылында 3000 тонна айыл чарба продукциясын сактоого ылайыкталган кампа курулуп жатат. Бул тууралуу Чаек айыл өкмөтүнөн билдиришти.**

> Маалым болгондой, долбоор жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн сактоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана продукциянын ысырап болушун азайтууга багытталган.

Жаңы сактоочу жай пайдаланууга берилгенде фермерлер мөмө-жемиштерин узак убакытка чейин сапатын жоготпой сактап, рынокко ыңгайлуу учурда чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат.

> Долбоор айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, дыйкандардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**