> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө таштандыны мыйзамсыз төккөн ишканага айып салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/chuido-tashtandyny-myizamsyz-tokkon-ishkanaga-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-23T08:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T08:00:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Чүй облусунда таштандыларды белгиленбеген жерге жайгаштырган жеке ишкана айыпка жыгылды. Мыйзам бузуу Кыргыз илим-изилдөө институтунун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору институтка коңшу жайгашкан коммерциялык уюмду текшеришкен. Анын жүрүшүндө ишкананын таштандыларды атайын белгиленбеген жерге төккөнү тастыкталган.

Факт боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, жооптуу тарапка **23 миң сом** административдик айып салынган. Ошондой эле мыйзам бузууну жоюу боюнча милдеттендирме берилип, аны аткарууга үч күн мөөнөт белгиленген.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**