> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фермерлер айыл чарба техникасын 6% үстөк менен лизингге ала алышат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/fermerler-aiyl-charba-tekhnikasyn-6-ustok-menen-lizingge-ala-alyshat/
- Published: 2026-11-23T05:46:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T05:45:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдууларды жеңилдетилген шартта лизингге берүү долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп, ага **45 млн доллар** өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылган.

> Министрликтинн маалыматына ылайык, техниканы 7 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык 6 %дык үстөк менен алууга болот. Каржылоо "АБанк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу жүргүзүлөт.

Долбоор айыл чарбасын заманбап техника менен камсыздоого, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана фермерлердин кирешесин жогорулатууга багытталган.

Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга белгиленген. Ал эми жалпы ишке ашыруу мөөнөтү 2050-жылга чейин каралган.