> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/kyrgyzstan-menen-kazakstan-2030-zhylga-cheiin-sooda-zhugurtuunu-3-mlrd-dollarga-zhetkiruunu-kozdoodo/
- Published: 2026-11-23T10:18:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T10:30:29.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**23-ноябрда КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту. Бул туурасында министрликтен маалымдашты.** 

> Билдирүүгө караганда, тараптар кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, өз ара сооданы көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

Министр эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Анда өз ара сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 

> Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. **2021–2025-жылдары** эки тараптуу соода жүгүртүү **2,3 эсеге** өстү, ал эми 2026-жылдын январь–август айларынын жыйынтыгы боюнча **1,4 млрд АКШ долларын** түздү. 

Тараптар эки мамлекеттин башчылары койгон максатка — 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү **3 млрд АКШ долларына** жеткирүүгө — жетүү үчүн биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар соода-экономикалык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө, практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана кыргыз-казак кызматташтыгын чыңдоого багытталган өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**