> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Макмал Голд Компани" ЖЧКсы 9 айда 3 млрд сом киреше тапты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/makmal-gold-kompani-zhchksy-9-aida-3-mlrd-som-kireshe-tapty/
- Published: 2026-11-23T04:27:06.000Z
- Updated: 2026-11-23T04:27:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**"Макмал Голд Компани" жоопкерчилиги чектелген коому 2026-жылдын 9 айындагы каржылык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу 23-ноябрда мекеме тараткан билдирүүдө айтылат.**

> Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде ишкананын жалпы кирешеси **3 млрд сомго** жетип, таза пайдасы **782 млн сомду** түздү.

Ишкана мамлекеттин жана жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууну улантууда. 

Атап айтканда, **9 ай ичинде:**

- Мамлекеттик салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө бюджетке **884 млн сом** чегерилди;
- Социалдык фондго жалпы **157 млн сом** өлчөмүндө төлөм жүргүзүлдү;
- Жергиликтүү инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү долбоорлоруна **61 млн сом** каражат бөлүндү.

> "Макмал Голд Компани" ЖЧКсы мындан ары да өндүрүштүк кубаттуулукту арттыруу, заманбап технологияларды киргизүү жана өнүгүүнүн жаңы баскычтарына чыгуу боюнча стратегиялык иштерди улантат", - деп жазылат маалыматта.

"Макмал Голд Компани" ЖЧК — Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунда жайгашкан "Макмал" алтын кенин иштеткен тоо-кен ишканасы жана "Кыргызалтын" ААКнын туунду компаниясы.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**