> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/mikrokredit-aluuchulardyn-sany-3-esege-ostu/
- Published: 2026-11-23T11:50:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T11:50:00.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Январь-сентябрь айларында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 76 млрд сомдон ашык суммада насыя берилди. Аны алуучулардын саны 2 миллиондон ашты.** 

> Улуттук статистика берген маалыматына ылайык, берилген микрокредиттердин көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 20,7%га көбөйгөн. Ал эми микрокредит алган алуучулардын саны 3 эсеге өскөн.

Тармактык түзүмдө берилген микрокредиттердин үлүшү жалпы көлөмүндүн 61%ына туура келет. Айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө берилген микрокредиттердин үлүшү 15%ды, соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө 13%ды түзгөн.

Микрокредиттерди алуучулардын жалпы санынын жарымына жакыны Бишкек шаарына, Чүй облусуна (11%дан ашык), Ош (9%ы), Жалал-Абад (9%га жакын) жана Ысык-Көл (8%дан ашык) облустарына туура келген.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33%га жакын), Ош (15%ы), Жалал-Абад (13%га жакын) жана Чүй (12,5%ы) облустарынын алуучуларына берилген.