> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында 137 млн сомдук мектептин курулушу 90% аяктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/narynda-137-mln-somduk-mekteptin-kurulushu-90-aiaktady/
- Published: 2026-11-23T10:02:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T10:02:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Нарын районунун Ак-Кыя айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу 90 пайызга аткарылды. Объектти 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан долбоордун жалпы наркы **137 млн сомду** түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган.

> Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты **1611 чарчы метрди** түзүп, үч блоктон турат. Мектепте предметтик окуу класстары, компьютердик класс, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.