> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түптө наркы 155 миллион сомду түзгөн мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/tupto-narky-155-million-somdu-tuzgon-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-11-23T06:02:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T06:01:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 155 миллион сомду түзөт.**

> Курулуш министрлиги билдиргендей, мектептин курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталган.

Бүгүнкү күндө **эки кабаттуу имарат** тургузулуп, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө.

**Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты* ***3036 чарчы метрди** *түзүп, төрт блоктон турат. Мектепте негизги окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.*

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан текшерилип, көзөмөлгө алынууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**