> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түрк мамлекеттери бажы жана соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/turk-mamleketteri-bazhy-zhana-sooda-zhol-zhobolorun-sanaripteshtiruunu-talkuulady/
- Published: 2026-11-23T04:43:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T04:42:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**19–20-ноябрда Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Соодага көмөктөшүү комитетинин жылдык жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.**

> Маалым болгондой, жыйында уюмдун Соодага көмөктөшүү стратегиясынын аткарылышы, 2026–2027-жылдарга карата иш планы жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданы жеңилдетүү маселелери каралды.

Тараптар чек арадагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, кайталанган документтерди жоюу, маалыматтарды бир жолу берүү принцибин киргизүү жана товарларды тобокелдикке жараша көзөмөлдөө боюнча сунуштарды талкуулашты. Ошондой эле улуттук "бирдиктүү терезе" системаларын Ортоңку коридордун санариптик платформасы менен интеграциялоо, электрондук транспорттук документтерди колдонуу жана жүктөрдүн кыймылына көз салуу маселелерине көңүл бурулду.

> Мындан тышкары, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча санариптик кызматташууну өнүктүрүү, бажы транзиттик порталына кошулуу жана пилоттук жүк ташууларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жыйындын соңунда Комитеттин ишинин артыкчылыктуу багыттары жана 2027-жылга карата отчеттуулук тартиби макулдашылды. Бул чаралар түрк мамлекеттеринин ортосундагы сооданы тездетүүгө, бажы чыгымдарын азайтууга жана товарларды тариздөө процессин жеңилдетүүгө багытталган.