> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык үчүн үч жаран айыпка жыгылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/zhalal-abadda-myizamsyz-anchylyk-uchun-uch-zharan-aiypka-zhygyldy/
- Published: 2026-11-23T05:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T05:30:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаран аныкталып, аларга жалпы 37 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы рейд өткөргөн. Текшерүү учурунда үч жаран кармалып, аларга карата административдик протоколдор түзүлгөн.

Ошондой эле алардын бири тарабынан бир баш кекилик мыйзамсыз олжолонгону аныкталган. Бул үчүн жаратылыш ресурстарына келтирилген зыян катары кошумча **2 миң сом** доо коюлган.

Министрлик мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддер мындан ары да улантыларын эскертти.