> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/23/zhalal-abadda-tort-kurulush-obektisinen-myizam-buzuular-anyktaldy/
- Published: 2026-11-23T12:38:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T12:37:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы "Дастан Гранд Хаус" ЖЧКсына таандык төрт курулуш объектисин текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.**

> Маалым болгондой, текшерүүдөн өткөн имараттар З. Жамашев көчөсүндөгү 12 кабаттуу, 9 блоктон турган, Ю. Абдрахманов көчөсүндөгү 15 кабаттуу, 27 блоктуу, Барпы Сейил көчөсүндөгү 9 кабаттуу, 5 блоктуу жана Ю. Абдрахманов көчөсүндөгү дагы бир 12 кабаттуу, 11 блоктуу объектилер болду.

Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын бузуу, эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, ошондой эле жумуш орундарын уюштуруудагы кемчиликтер аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, "Дастан Гранд Хаус" ЖЧКсына жалпы ****2 млн 200 миң сом** айып пул салынды.