> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника алынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/aiyl-charbasyndagy-ilimii-mekemelerge-179-mln-somduk-tekhnika-alyndy/
- Published: 2026-11-24T09:07:36.000Z
- Updated: 2026-11-24T09:07:35.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**24-ноябрда Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаментине жана Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтуна, ошондой эле алардын аймактык бөлүмдөрүнө 70 даана айыл чарба техникасы тапшырылды.** 

> Маалыматка ылайык, техникалардын жалпы баасы **178 млн 801 миң сомду** түзөт.

Техникалардын ачкычтарын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тапшырды. Жалпы техниканын ичинен **21 даанасы** Департаментке, **49 даанасы** Дыйканчылык илим-изилдөө институтуна бөлүндү.

Министр илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо ата мекендик агрардык илимди өнүктүрүүдө, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууда жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Техника Дүйнөлүк банктын "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорунун алкагында үрөнчүлүк системасын өркүндөтүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр менен камсыз кылуу максатында сатып алынган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/916015591_1446219207135110_1428249825355358688_n.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/930354367_40183405071304080_2979107759486912432_n.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/930665626_1112686711591784_6133081656527874007_n.jpeg)

> Жаңы техниканын катарында тракторлор, дан жыйноочу жана селекциялык комбайндар, үрөн сепкичтер, үрөн тазалоочу жабдуулар, картошка отургузуучу жана казуучу техникалар, ошондой эле башка атайын айыл чарба жабдуулары бар.