> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде наркы 265 миллион сомду түзгөн  мектептин курулушу жүрүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/batkende-narky-265-million-somdu-tuzgon-mekteptin-kurulushu-zhuruudo/
- Published: 2026-11-24T10:08:15.000Z
- Updated: 2026-11-24T10:08:15.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында 375 орундуу заманбап мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.** 

> Долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, жалпы наркы **265 миллион сомду** түзөт.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектепте негизги окуу класстары, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, ашкана, китепкана, лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы каралган. 

> Имараттын жалпы аянты **3377 чарчы метрди** түзөт.

Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө үч кабатуу имараттын дубалы тургузулуп, ички шыбак иштери аткарылды. Учурда чатырын жабуу иштери жүрүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**