> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кулжада мыйзамсыз аңчылык үчүн 30 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/kara-kulzhada-myizamsyz-anchylyk-uchun-30-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-24T05:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T05:25:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталып, административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул туурасында Жаратылыш министрлиги 24-ноябрда кабарлады.** 

> Маалым болгондой, текшерүүдө Ылай-Талаа айылынын тургуну, Т.К. аттуу жаран эч кандай уруксат берүүчү документтери жок **10 даана** кекилик жана **2 даана** коёнго мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталды.

Аталган укук бузуу үчүн жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык **12 500 сом** өлчөмүндө административдик айып салынды.

Мындан тышкары, жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында бекитилген таксалардын негизинде **10 даана** кекилик үчүн **20 000 сом**, **2 даана** коён үчүн **10 000 сом**, жалпы **30 000 сом өлчөмүндө** доо коюлду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**