> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Канаданын ишкердик кызматташтыгы кеңейтилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/kyrgyzstan-menen-kanadanyn-ishkerdik-kyzmattashtygy-keneitilet/
- Published: 2026-11-24T04:35:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T04:34:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын бизнес-делегациясы "Канада – Борбор Азия 2026" бизнес жана инвестициялык форумуна катышууда. Иш-чарага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров баштаган делегация барды. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка караганда, эки күндүк форумга Канада, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 300гө жакын ишкер, инвестор, соода-өнөр жай палаталарынын жана инвестициялык комитеттердин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун негизги багыттары стратегиялык маанидеги минералдык ресурстар, агротехнологиялар, жасалма интеллект, логистика жана чек ара аралык соода болуп саналат.

> Иш-чара кыргызстандык ишкерлерге канадалык өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө, инвестиция тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ата мекендик бизнестин эл аралык байланыштарын кеңейтүү багытындагы иштерин улантууда.