> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/naryn-shaarynda-iustitsiia-ministrliginin-zhany-imaraty-kuruldu/
- Published: 2026-11-24T05:54:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T05:53:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады. Объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери айтылды.** 

> Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы **57 млн сомду** түздү.

Имараттын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Архитектуралык долбоорго ылайык, үч кабаттуу имараттын жалпы аянты **748 чарчы метрди** түзөт. Анда кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнгөн.