> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 65%га аткарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/naryndagy-100-orunduu-bala-bakchanyn-kurulushu-65-ga-atkaryldy/
- Published: 2026-11-24T11:12:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T11:11:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Нарын шаарында 100 балага ылайыкталган "Наристе-Нур" атындагы бала бакчанын курулушу уланууда. Учурда объекттеги иштердин 65 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуштун жалпы наркы **108 млн сомду** түзөт.

> Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Архитектуралык долбоор боюнча эки кабаттуу имараттын жалпы аянты **1 027 чарчы метрди** түзөт. Анда балдар үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Курулуш-монтаждоо иштерин башкы подрядчы катары "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.